Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

Артыкбаев: карапайым элдин жарыгы өчпөйт


Электр энергиясын колдонууга киргизилип жаткан чектөөлөр кыргыз элинин 90 пайызына таасир этпейт. Мындай пикирин энергетика министри Осмонбек Артыкбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, чектөөлөр электр кубатын 3 фаза аркылуу турак-жайды жылытуу үчүн колдонгондорго гана киргизилет.

- Кудай буюрса кышында карапайым элде энергия болот. Бирок 3 фазаларды өчүрөбүз. Кышкысын элдин муздаткычы, телевизору иштейт. Кыскасы жарыксыз калышпайт,- деди Артыкбаев.

Кыргызстанда жалпысынан электр энергиясын колдонгон 1 млн. 200 миңден ашык абонент болсо, алардын 10 пайызы же 123 миңи электр кубатын 3 фаза менен пайдаланат. Башкача айтканда, жалпы калк керектеген энергиянын 48 пайызын 3 фазалуулар колдонот.

Кечээ өкмөт башчысы жалпы элге кайрылуу жасап, кыштан аман-эсен чыгуу үчүн отунду эмитен камдоону өтүнгөн. Өкмөт кабыл алган чечимге ылайык, күз-кыш айларында электр энергиясын металл эритүүгө, жылуулукка 3 фаза менен колдонгондорго жана жарыкты имараттарды кайтаруу үчүн колдонгондорго тыюу салынат. (UEz)

XS
SM
MD
LG