Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:09

Cирияда согушкерлер жети жүз адамды өлтүрдү


Сириянын чыгышында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлери соңку эки жумада 700 кишини өлтүрдү. Алардын 600ү жайкын тургундар, 100 киши аскер адамдары. Дагы жүздөгөн кишилер дайынсыз болууда.

Сириялык укук коргоочулар ишембиде кечинде маалымдагандай, адамдар бир канча айылдарда апаат болгон. Укук коргоочулардын айтымында, согушкерлер Дейр-эз-Зур аймагында бийлик орнотконун айтып, аны тааныбагандарды кырып жатат.

16-август күнү Сирия оппозициясы АКШдан “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери жайгашкан аймакка абадан сокку урууну суранды.

Аталган экстремисттик топтун лидери Абу Бакр ал-Багдади июнь айынын соңунда Сириянын жана Ирактын аймагында халифат орнотулганын айтып, өзүн башкаруучу деп жарыялаган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG