Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:23

АКШдагы башаламандыкта бир киши каза болду


Жекшемби күнү Миссури штатынын Фергюсон шаарындагы массалык башаламандык учурунда бир адам каза тапты. Жети киши камакка алынды.

Манифестанттар менен полиция ортосундагы кагылышуу 9-августта 18 жаштагы афроамерикалык Майкл Браун күч кызматкерлери тарабынан атып өлтүрүлгөндөн соң башталган.

Акцияга чыккандар Браун куралсыз болгонуна жана колун көтөрүп туруп бергенине карабай, атып өлтүрүлгөнүнө нааразы болууда. Ал эми полиция Майкл Браун күч кызматкерлерине каршылык көрсөткөнү үчүн аткыланганын айтып жатат.

Президент Барак Обама бул окуя кылдат иликтенерин билдирген.

XS
SM
MD
LG