Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Мелис Асылбашевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат


Кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, “Ак марал” бий ансамблинин башкы балетмейстери Мелис Асылбашевдин сөөгү бүгүн жерге берилет. Маркум менен коштошуу зыйнаты Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда өтөт. Сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

Мелис Асылбашев 1947-жылы Бишкекте төрөлгөн. 16-август күнү 67 жаш курагында дүйнө салды.

Маркум 2001-жылы жогорку даражадагы “Даңк” медалы менен сыйланган. (SE)

XS
SM
MD
LG