Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:06

Дилгер Жапаровдун соту башталат


Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "Кыргызалтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаровго козголгон кылмыш иш боюнча сот жараяны башталат. Бул тууралуу аталган соттон кабарлашты. Маалыматка ылайык, ишти судья Абдразак Боромбаев караганы жатат.

Башкы прокуратура Дилгер Жапаровду “Кумтөр Голд компани” ишканасынан өкмөттүн макулдугусуз “Центерра Голд” компаниясына 200 млн. долларды дивиденд катары мыйзамсыз которгон деп айыптап 29-майда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “коммерциялык жана башка уюмдардын өкүлдөрү тарабынан кызматтык абалынан пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Жапаров учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Дилгер Жапаров камакка алынган соң «Центерра Голддун» жетекчилери Кыргызстанга келүүдөн баш тартууда. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG