Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Чолпон-Ата: ат майдандан Асанбек Көлбаевдин ысымы алынды


Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин атасы Асанбек Көлбаевдин ысымы Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандан алынды. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысына аталган шаардын мэриясынан кабарлашты.

Буга чейин парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы ат майдандан Көлбаевдин ысымын алууну талап кылган. Фракция мүчөлөрү ​бул ат майданда сентябрь айында эл аралык "Көчмөндөр оюну" спорттук мелдеши өтөөрүн эске салып, кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар адамдын атасынын ысымы коюлган ат майданда аны уюштурууну уят иш деп баалаган.

Мындан соң өкмөт ат майдандын ысымын өзгөртүү тапшырмасын берген. Мунун негизинде Чолпон-Ата мэриясы ат майдандан Көлбаевдин ысымын алып салуу чечимин чыгарды.

Маркум Асанбек Көлбаевдин ысымы аталган ат майданга 2012-жылдын августунда ыйгарылган.(BkA/UEz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG