Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:57

Эл аралык юристтер Кумтөр боюнча меморандумду экспертизадан өткөрөт


Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча укуктук жардам алуу үчүн жалдаган ДеЛай Пайпер жана Pricewaterhouse эл аралык компаниясынын юристтери Кыргызстанга келди. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызалтын” ишканасынын президенти Токон Мамытов билдирди. Эл аралык кеңешчилер “Центерра Голд” менен түзүлчү келишимдерди экспертизадан өткөрмөкчү. Андан соң жыйынтыгы менен кошо өз сунуштарын беришет.

Мамытов кошумчалагандай, Кумтөр боюнча кошумча келишимдерди даярдоо үчүн “Центерра Голддун” жетекчилиги Кыргызстанга келүүдөн дале болсо баш тартууда. Алар “Кыргызалтындын” мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаров камалган соң чочулап жатышат. Буга байланыштуу телеконференция аркылуу сүйлөшүү жүрүүдө.

Буга чейин кыргыз өкмөтү 13-августтагы кеңешмесинде Кумтөр боюнча келишимдерди тездетүүнү жактаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG