Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:55

Ассанж Лондондогу элчиликтен кетээрин жарыялады


Эки жылдан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинде баш калкалап жашап келаткан Жулиан Ассанж бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, башка жакка кетээрин жарыялады. Бирок качан экенин айткан жок. Ал Британия жана АКШнын бир катар укук коргоо уюмдарынан жардам алып келатканын билдирди.

Wikileaks сайтынын негиздөөчүсү, АКШнын көптөгөн жашыруун документтерин Интернетке ачык жарыялап жиберген Ассанж британ бийлиги аны Швецияга өткөрүп берет деп коркуп элчиликтин ичинен эч жакка чыкпай жашап келатат. Швеция соту аны зордуктоого шектүү деп издөө жарыялаган. Бирок Ассанждын айтымында, Британия жана Швеция тараптан ага расмий айып тагылган эмес. Ал АКШда ага карата жүрүп жаткан тергөөгө байланыштуу жашынууга мажбур экенин билдирип келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG