Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:29

Анкара немис тыңчылыгы тууралуу кабарды териштирүүдө


Расмий Анкара Түркиядагы немис элчилиги тыңчылык жүргүзгөнү тууралуу тараган кабардын чын-төгүнүн териштирип жатат. Бул үчүн элчи Эберхард Пол Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Өлкөнүн энергетика министри Танер Йылдыз бүгүн бул боюнча маалымат берип жатып:

- Албетте, бул туура эмес. Мыйзам чегинде тиешелүү чара көрүлөт. Түркия укуктук мамлекет. Андыктан эл аралык жана улуттук мыйзамдын алкагында иш алып барабыз, - деди.

Der Spiegel журналы жекшемби күнү жарык көргөн санында Германия 2009-жылдан бери өзүнүн НАТО боюнча шериги Түркиянын артынан тыңчылык кылып келатканы жөнүндө кабар жарыяланган. Анда немис чалгындоо кызматы АКШнын азыркы жана мурдагы Баш катчылары Жон Керри жана Хиллари Клинтондун телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн да тыңшап жүргөнү кабарланган.

XS
SM
MD
LG