Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Украина: жикчилдер качкындардын өлүмүнө жоопкер эместигин билдирди


Чыгыш Украинадагы жикчилдер расмий Киев 18-августта Луганск аймагында качкындар тобу орусиячыл козголоңчулар тарабынан өлтүрүлгөнү тууралуу тараткан маалыматты төгүндөдү.

Дүйшөмбү күнү качкындар бараткан унаа жикчилдер тарабынан аткыланып, ичиндегилердин баары мерт кеткени кабарланган.

Кечээ Берлинде украин кризисин жөнгө салуу боюнча Орусия, Украина, Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлери катышкан сүйлөшүү өттү. Жолугушууда өкмөттүк күчтөр менен жикчилдер ортосундагы ок атышууну токтотуу тууралуу сөз болду. Беш саатка созулган сүйлөшүүдө орток пикир табылган жок.

XS
SM
MD
LG