Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:56

Газа тилкесиндеги элдешүү мөөнөтү бир күнгө узартылды


Израил жана Палестина ок атышууларды токтотууну дагы 24 саатка узартты. Бул аралыкта тараптар сүйлөшүүлөрдү улантмакчы. Мурдараак жарыяланган беш күндүк гуманитардык элдешүү мөөнөтү 18-августта кечинде соңуна чыккан. Аны дагы бир күнгө узартуу чечимин Египет бийлиги тастыктады. Израил жана Палестина өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү аталган өлкөдө жүргүздү.

Газа тилкесинде бир айдан ашуун убакыттан бери созулуп жаткан согушта эки миңге чукул палестиналык набыт кетти, алардын көбү жайкын тургундар. Ал эми Израил тарап 70ке жакын жаранын жоготту. Көпчүлүгү аскер адамдары.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG