Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Ала-Букадагы жаңжал боюнча үч кылмыш иши козголду


Ала-Бука жана Сары-Талаа айылынын жаштарынын ортосунда 16-август күнү болгон массалык мушташка байланыштуу үч кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук “Ынтымак жарчылары” тобунун төрагасы Курманбек Ахмедов билдирди. Иликтөө жана тергөө амалдары облустук деңгээлде жүрүп жатат.

Өткөн ишембиде 80ге жакын жигит район борборунда мушташып кеткен. Эки айылда тең ошол күнү той болуп, үлпөт зыяпатына чыккан жаштар эстелик алдына гүл коюу учурунда кезек талашып, жаңжалдашкан. Чыр-чатак чоң мушташка айланып, жергиликтүү элди дүрбөлөңгө салган. Эки машиненин айнеги сынып, жаатташкан тараптар бир-бирине бөтөлкө ыргытышкан.

Окуяга байланыштуу район акими чукул жыйын куруп, аймактагы бардык айылдарда түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү буйруган.

Ала-Букада соңку кездери жаштарга байланыштуу чыр-чатак арбын катталууда. Аймакта жаңжалдарды азайтуу жаатында 2010-жылдан бери “Ынтымак жарчылары” тобу иш алып барат. (SE)

XS
SM
MD
LG