Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

Өзбек президенти иш-сапары менен Кытайга жөнөдү


Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Ислам Каримов Бээжиндеги эки күндүк сапары учурунда кытай лидери Си Цзиньпин менен эки тараптуу алакаларды, “эки жактын тең кызыкчылыктары бар аймактык жана эл аралык маселелерди" талкуулайт.

Өзбек жана кытай лидерлери буга чейин акыркы ирет быйыл майда Шанхайдагы саммит учурунда кездешкен.

Анда Кытайдын “Жибек жолу экономикалык коридорун” түзүү демилгесине Өзбекстандын жигердүү катышуусу жөнүндө сөз болгон.

Бээжиндин бул демилгеси Кытайды Борбор Азия өлкөлөрү менен туташтырган газ түтүктөрүн көбөйтүүнү, ошондой Кытайды Борбор Азия аркылуу Иран жана Балтика чөлкөмү менен байланыштырган транспорттук инфраструктура түзүүнү карайт. (UE)

XS
SM
MD
LG