Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

Ажылыкка барчуларды ташый турган компания маселеси чечиле элек


Быйылкы ажылык зыяратка барчуларды ташый турган авиакомпанияга байланыштуу маселе чечиле элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын башчысы, муфтийдин орун басары Замир ажы Ракиев билдирди. Анын айтымында, муфтий Максат ажы Токтомушев баштаган топ учурда бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп Сауд Аравияда жүрөт. Ал сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эки күн ичинде белгилүү болоорун Ракиев кошумчалады.

Буга чейин Зыяратчыларды ташый турган авиакомпанияны тандап алуу үчүн апрель айында ачык сынак өткөн. Ага катышкан алты компаниянын ичинен билет баасын 1 300 доллар деп сунуштаган Fly Dubai жеңип алган.Бирок Сауд Арабия Fly Dubai компаниясына уруксат бербей, өзүнүн Flynas авиакомпаниясын сунуштап жатат. Анын билетинин баасы 300дөй долларга кымбат болууда. Сауд Арабия быйыл Кыргызстанга ажылык үчүн 3 685 орун берген. Алар сентябрдан тарта Мекеге сапар алышы керек.(BkA)

XS
SM
MD
LG