Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

Израил Газа секторуна абадан сокку урду


Армиянын билдиргенине караганда, аба соккулары Газа секторунан атылган ракеталарга жооп иретинде жасалды. Андан кандай зыян болгону азырынча белгисиз. Израил армиясы ошондой эле ХАМАС кыймылын ок атышууну токтотуу макулдашуусун бузганы үчүн айыптады.

Бүгүнкү аба соккулары алдында Израил армиясы Газа секторунан атылган үч ракета түштүктөгү Биршиба шаарына жакын ачык аймакка түшкөнүн кабарлаган.

Израилдик жана палестиналык чабармандар узак мөөнөткө эсептелген келишим шарттарын иштеп чыгыш үчүн утурумдук макулдашууну кечээ эле 24 саатка узартышкан болчу. Сүйлөшүүлөргө Египет ортомчулук кылууда.

Израил ХАМАС кыймылы көзөмөлдөгөн Газадан ракета атууларды токтотуу жүйөсү менен 8-июлда баштаган операция учурунда 2000ге жакын палестиндин өмүрү кыйылды. Жөөт тарап 67 жаранын жоготту, алардын үчөөсү аскерлер. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG