Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Ирактын аскерлери Тикрит шаарына кирди


Мамлекеттик медианын кабарларына караганда, өкмөттүк күчтөр Тикритке жасаган чабуул учурунда бир катар маанилүү турумдарды ээлешти.

Кабарларда аскерлер провинция кеңешинен, Тикрит университетинен жана оорукананын имараттарынан согушкерлерди сүрүп чыкканы айтылат.

Борбор калаа Багдаддан 140 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Тикритти “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери июнда басып алган. Ирактын күчтөрү шаарды кайра алууга өткөн айда да аракет жасашып, бирок операция оңунан чыккан эмес.

АКШ президенти Барак Обама шейшембиде Мосулдагы ГЭСтин Ирактын жана күрттөрдүн күчтөрү тарабынан ээленишин “согушкерлер менен күрөшүүдөгү өтө маанилүү кадам” деп сыпаттаган.

Ирактын түндүгүндө бир топ аймактарды басып алган исламчыл согушкерлердин турумдарына АКШ абадан сокку урууну өткөн айдын соңунан тарта баштаган. (UE)

XS
SM
MD
LG