20-августтан тарта «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» аттуу кербен-акция башталат. Белгилүү адамдар өлкө дубандарын кыдырып, бөбөктөргө жомок окуп берет. Бул тууралуу аны уюштуруп жаткан “Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду кабарлады. Уюм мындай иш-чараны өткөн жылы да ишке ашырган.
ЮНИСЕФтин «Кенже курактагы балдар үчүн китеп окууну жандантуу» долбоорунун алкагында уюштурулуп жаткан кербен бөбөктөргө китеп окуунун маанилүү экенин түшүндүрүү максатын көздөйт.