Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Кадамжайдагы чек ара чатагы иликтенүүдө


19-августта орун алган кыргыз-өзбек чек арасындагы чатак боюнча иликтөө башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда окуя болгон жерде ыкчам тергөө топтору иштеп жатат.

Ал эми окуя учурунда ок жеп каза болгон адамдын сөөгү Өзбекстанга өткөрүлүп берилди.

19-августта кыргыз-өзбек чек арасында мыйзам бузуу катталып, ал ок атуу менен коштолгон. Буга Кадамжай районунун Орто - Ынтымак айылы туштан белгисиз 20-25тей адам Кыргызстандан Өзбекстанды көздөй кездеме таңгактарын мыйзамсыз алып өтүп жаткандыгы себеп болгон. Чек ара күзөтчүлөрүнүн токтотуу аракетине белгисиз адамдар таш ыргытып жооп беришкен. Натыйжада оор жарааттан өзбекстандык бир жаран мерт болуп, калгандары чек арадан өтүп, качып кетишкен.

Окуя маалында кыргызстандык эки чек арачы жараат алган. Алар ооруканада, абалы орто.

Чатак боюнча кечээ эки өлкө чек арачылары жолугуп, окуяны өз алдынча иликтөө чечимин кабыл алышкан.(BkA)

XS
SM
MD
LG