Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:16

Текебаев: кримтөбөл Досоновду үй камагына чыгарган сотту жоопко тартуу керек


Бул тууралуу Өмүрбек Текебаев “Ата Мекен” фракциясынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча кезексиз жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкөдө криминал кайрадан баш көтөрүп, саясатка таасир көрсөтүү аракетин кылып жатат. Буга мисал катары Кылмыш дүйнөсүндө “Женго” деген каймана ат менен белгилүү Оштогу кримчөйрөнүн анабашы атыккан Кадыр Досоновдун үй камагына чыгарылышын келтирди.

Кадыр Досоновго ички иштер органдары тарабынан карактоо, маңзат соодасы жана адам уурдоого байланышкан оор айыптар тагылган. 2012-жылы 14-сентябрда ал Тажикстандан кармалып, Кыргызстанга алынып келинген. 2013-жылы жазында Досонов Ош шаардык соту тарабынан акталып, боштондукка чыгып кеткен. ИИМде бул иш кайрадан иликтенип, былтыр июнь айында Досоновго кылмыштуу топ түзгөн деген берене боюнча иш козголуп, 21-ноябрдан тарта эл аралык издөө жарыяланган. Быйыл жыл башында Ошто мэр шайлоого эки күн калганда Кадыр Досоновдун капыстан пайда болушу жана чукул үй камагына чыгарылышы бир топ талкууга жем таштаган болчу.(EBM/BkA)

XS
SM
MD
LG