Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Жалал-Абадда ичүүчү сууга төлөм кымбаттады


Шаар аймагында таза сууга болгон акы ушул жылдын 1-сентябрынан тартып 19%, ал эми канализация үчүн төлөм 20% жогорулайт. Мындай чечим Шаардык кеңештин шейшембидеги кезексиз сессиясында кабыл алынды. Шаардык “Сууканал” ишканасынын жетекчиси Айтбай Мусаевдин билдиришинче, Азия Өнүктүрүү банкы тарабынан калаа ичиндеги 67 чакырым аралыктагы суу түтүктөрүн жаңыртууга 7 млн. евро каражат бөлүнгөн. Анын 3 млн. евро каражаты насыя иретинде келген.

Эки тараптуу келишимге ылайык, алынган насыяны кайтарууда жыл сайын сууга болгон төлөмдү көтөрүп туруу жагы каралган.

Кийинки айдан тартып шаар тургундары 1 куб сууга 7 сом 20 тыйындан, мекеме, ишканалар 12 сом 51 тыйындан ал эми жеке секторлор 18 сомдон төлөй башташат. (RsK)

XS
SM
MD
LG