Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:43

Көлбаевдин ысымын ат майдандан алуу боюнча жергиликтүү кеңеш чечим кабыл алат


Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин атасы Асанбек Көлбаевдин ысымын Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандан алуу боюнча Бостери айылдык кеңеши жакында жыйынга чогулат. Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында коопсуздук боюнча вице-премьер Абдырахман Маматалиев билдирди. Анын айтымында, андай токтом даярдалды

Буга чейин “Ата Мекен” фракциясы ат майдандан Көлбаевдин ысымын алууну талап кылган. Фракция мүчөлөрү ​бул ат майданда сентябрь айында эл аралык "Көчмөндөр оюну" спорттук мелдеши өтөөрүн эске салып, кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар адамдын атасынын ысымы коюлган ат майданда аны уюштурууну уят иш деп баалаган.

Мындан соң өкмөт ат майдандын ысымын өзгөртүү тапшырмасын берген. Маркум Асанбек Көлбаевдин ысымы аталган ат майданга 2012-жылдын августунда ыйгарылган.(BkA/EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG