Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Батукаев боюнча материалдар Түндүк Осетияга жөнөтүлөт


Бул тууралуу ички иштер министри Абдылда Суранчиев “Ата Мекен” фракциясынын бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын айтымында, кылмыш дүйнөсүнүн анабашы делген Азиз Батукаев Түндүк Осетиянын Владикавказ шаарында кармалган соң, Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны өткөрүп алуу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок Осетия тарап жооп ирети Батукаевдин иштери боюнча тиешелүү материалдарды жөнөтүүнү сураган.

Батукаев быйыл 1-июлда Түндүк Осетияда кармалып, Владикавказ шаарындагы тергөө абагына камакка алынганы маалым болгон. Мындан соң Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны кайтарып алуу боюнча аракеттерди көрүп жатканын кабарлаган. Бирок башкы көзөмөл мекемеге Орусиядан Батукаевге Грозныйда “мыйзамсыз курал алып жүрүү” беренеси боюнча кылмыш иш козголуп, буга байланыштуу Чеченстанда иш тергелип бүтүп, сот чечими чыкмайынча Кыргызстанга кайтарылбайт деген жооп келген.

16 жылга кесилген Азиз Батукаевди өткөн жылдын 9-апрелинде абактагы жарым мөөнөтү бүтө электигине карабай "айыкпас ооруга чалдыкты" деген негизде Нарын шаардык соту бошотуп жиберген. Бирок быйыл апрель айында Башкы прокуратуранын келтирген өтүнүчүнүн негизинде Нарын шаардык соту Батукаевди бошотуу боюнча мурдагы чечимин жокко чыгарган эле. (BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG