Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:27

ИИМ кылмыш топторго катышы бар депутаттарды жарыялады


Ички иштер министри Абдылда Суранчиев “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында уюшкан кылмыштуу топторго катышы бар делген депутаттардын тизмесин жарыялады. Министр окуган тизмеге өлкө аймактарындагы жергиликтүү кеңештерден 20дан ашык депутат кирген. Алардын арасында Социал-демократтар, “Республика” жана “Ата Мекен” партияларынын мүчөлөрү бар. Мындан сырткары Кара-Балта шаардык кеңешине кримтөбөл Алмаз Бокушевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү депутат болуп шайланган. Министрдин айтымында, Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынан депутат Бакыт Жетигенов Бокушов менен жакын мамиледе. Алар Бишкектеги Дене тарбия институтунда бирге окуп, учурда да мамилесин үзбөй келет.

Бакыт Жетигенов “Азаттыкка” сүйлөп жатып, Алмаз Бокушев менен бирге окуганын ырастап, бирок кылмыштуу топко тиешеси жок экенин билдирди.

Бүгүн “Ата Мекен” фракциясы өлкөдөгү уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн жүрүшү боюнча өкмөттүн отчетун укту.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG