Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:12

“Ислам мамлекети”: журналист Фоули өлтүрүлдү


“Ислам мамлекети” уюмунун согушчандары америкалык журналист Жеймс Фоулинин башы алынып жатат делген видеотасманы таркатты.

Фоулини 2012-жылы ноябрда Сирияда белгисиз куралчандар уурдап кетишкен болчу. Видеотасмадагы чын эле Фоулиби азырынча тастыктала элек. Анын үй-бүлөсү Фейсбукка:”Биз эч качан мынчалык сыймыктанган эмеспиз. Ал өз өмүрүн Сирия элинин азабын дүйнөгө көрсөтүүгө арнады” деп жазды. Ак үйдүн билдиришинче, чалгындоо кызматтары видеотасманы изилдөөдө.

“Америкага кайрылуу” деп аталган 5 мүнөттүк видеодо Фоули АКШ президенти Барак Обама Түндүк Ирактагы жихадчылардын өңүттөрүнө абадан сокку урууну буйругандан кийин өлтүрүлгөнү айтылат. Ислам халифатын курууну максат кылган “Ислам мамлекети” уюму Ирактын жана Сириянын чоң бөлүгүн басып алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG