Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:58

Пакистан армиясы өкмөттү жана оппозицияны диалогго чакырды


Пакистан армиясы өкмөттү жана оппозиция лидерлерин күчөп бараткан саясий кризисти диалог аркылуу чечүүгө үндөдү. Учурда миңдеген нааразылар Исламабаддагы парламенттин имаратынын алдында турушат. Оппозиция лидери Имран Хан 20-августта калкылдаган элге кайрылып, Наваз Шариф премьер-министрликтен кетмейинче, алар эч жакка кетпесин айтты жана пакистандыктарды демонстрацияга кошулууга чакырды:

- Мен бардык пакистандыктарга кайрылам: баарыбыз чогуу Наваз Шарифтин кызматтан кетүүсүн талап кылуубуз үчүн бардык пакистандыктар Исламабадга келиши керек, - деди Имран Хан.

Демонстранттар Исламабаддын ортосундагы “Коопсуздук тилкеси” деп жарыяланган Кызыл зонага 19-августта киришкен. Алар өкмөттүк мекемелер жана чет элдик элчиликтер жайгашкан зонага өтчү жолго тартылган тикенек зымдарды кычкачтар менен кесип, контейнерлерди алып салуу үчүн крандарды пайдаланды. Аскерлерге зомбулуктарга жол берилбесин деген тапшырма берилгендиктен, демонстранттарга эч кандай каршылык көрсөтүшпөдү.

Антиөкмөттүк акцияны Пакистандагы үчүнчү чоң саясий партия "Техрик-е-Инсафтын" төрагасы Имран Хан жана популярдуу дааватчы Тахир ул-Кадри жетектөөдө. Алар Наваз Шарифти былтыркы жалпы элдик шайлоодо добуштарды бурмалап, өкмөт башына келди деп күнөөлөшүүдө.

XS
SM
MD
LG