Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

Бажы биримдигине киргенден кийинки баа саясаты талкууланууда


Экономика министрлиги Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин кабыл алына турган төлөмдөр жана башка баа саясаты боюнча коомдук угуу өткөрүүдө. Ага өлкөдөгү бизнес бирикмелердин мүчөлөрү, ишкерлер катышууда.

Жыйында Кыргызстан Бажы биримдигине кошулган соң үчүнчү өлкөдөн ташылып келчү товарларга бажы төлөмүн төмөндөтүү талкууланып жатат. Экономика министрлиги мындай товарлардын тизмесин даярдаган. Ага Кыргызстан үчүнчү өлкөлөрдөн ала турган 303 товар киргизилген. Жыйын жүрүшүндө бул тизме дагы бир жолу талкууланып, толукталышы мүмкүн.

Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен өткөн аптада жолуккан учурда Кыргызстан 2015-жылдан тарта Бажы жана Евразия экономикалык биримдигине кирүү үчүн аракеттенип жатканын билдирген. (BkA/ZB)

XS
SM
MD
LG