Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:28

БУУ Түндүк Ирактагы качкындарга жардамга келди


Уюмдун Качкындар агенттигинин 20-августта билдиришинче, төрт күндүк аба операциясы кезде Ирак күрттөрүнүн байтакты Эрбил шаарына чатырлар жана тамак-аш азыктары, дары-дармек жана башка керектүү заттар жеткирилет. Гумжардам тарткан кербендер Түркиядан жана Иорданиядан да келет. Түндүк Иракта “Ислам мамлекети” уюму менен жүрүп жаткан согуштан качкан жарым миллиондон ашык адам баш калкалоодо.

Ирак армиясы 19-августта согушчандарды Багдаддан 140 чакырым түндүктөгү Тикрит шаарынан сүрүп чыкканын жарыялады.

Апта башында өкмөттүк күчтөр жана күрт аскерлери-пешмаргелер Мосулдагы стратегиялык суу сактагычты ээлешкен болчу. “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандары Ирактын чоң бөлүгүн ээлеп алып, Түндүктө Күрт автономиясына коркунуч жаратып калган. Абалды сактоо үчүн АКШ 2011-жылдан бери биринчи жолу Ирактагы согушчандарга абадан сокку ура баштады.

XS
SM
MD
LG