Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:33

Чыгыш Украинадагы согушта дагы отуз төрт адам өлдү


Украинаны чыгышындагы Донецк облусунда акыркы 24 сааттагы урушта 34 жаран өлдү. Бул жөнүндө облустук бийлик 20-августта билдирди. Бир аз мурда украин жетекчилиги орусиячыл жикчилдердин колундагы Иловайск шаарчасы үчүн жүрүп жаткан салгылашууда тогуз жоокер курман болгонун билдирген. Бул тогуз солдатты Донецк облусунун жетекчилиги курман болгондордун тизмесине кошконбу же жокпу, белгисиз.

Украинанын ички иштер министринин жардамчысы Фейсбукка өкмөттүк күчтөр Иловайск шаарчасынын жарымын ээлегенин, бирок жикчилдер бир күн бою катуу каршылык көрсөтүп жатканын жазды.

Чыгыш украиналык жикчилдер менен апрелден бери жүрүп жаткан согушта 2 миңден ашуун адам апаат болгону расмий маалымдалган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG