Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Обама: “Ислам мамлекети” тобуна 21-кылымда орун жок


АКШ президенти Барак Обама “Ислам мамлекети” экстеремисттик тобу үчүн 21-кылымда орун жок экендигин билдирди. Америкалык журналист Жеймс Фоулинин аталган топтун согушкерлери тарабынан аёосуз өлтүрүлгөнүнө байланыштуу шаршемби күнү билдирүү жасап жатып, Обама “Ислам мамлекети” экстремисттик уюшмасына Америка тийиштүү жооп берерин белгиледи:

- Алар рак шишигине окшош. Ооруну дарылоо үчүн ал шишикти алып салуу керек,- деди Обама.

АКШ президенти бүт америкалыктар Жеймс Фоулинин өлүмү үчүн кайгырып жатканын да кошумчалады.

Франс пресс жана GlobalPost басылмасынын кабарчысы, 40 жаштагы Фоулини 2012-жылы ноябрда Сирияда белгисиз куралчандар уурдап кеткен болчу. 19-августта “Ислам мамлекети” уюмунун согушчандары анын өлтүрүлгөнү жазылган видеотасманы интернетке жарыялады. АКШнын чалгындоо кызматтары видео жасалма эместигин тастыктады.

XS
SM
MD
LG