Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:49

Гватемала командачысы авиакырсыкта мерт кетти


Гватемала өлкөсүнүн Куралдуу күчтөрүнүн командачысы Руди Ортис жана бийик даражалуу төрт аскер адамы шаршемби күнкү авиакырсыкта каза тапты. Алар бараткан тик учак Мексикага жакын жердеги тоолордун жанында жарылып кеткен.

Аскер өкүлдөрү аймактагы гидроэлектростанция курулушу жана тоо кен тармагына байланыштуу нааразылыктардан улам, кезектеги пландуу көзөмөл жүргүзүүгө чыгышкан.

XS
SM
MD
LG