Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Орусияга азык-түлүк экспорттоо маселеси талкууланат


Бүгүн Экономика министрлигинде Кыргызстандан Орусияга экспорт кылына турган азыктар жана аны жеткирүү жолдору талкууланат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Москва жакында Батыш өлкөлөрүнөн азык-түлүк алууга тыюу салгандан бери бир катар мамлекеттер өз продукцияларын Орусияга сатуу аракетин жанданткан. Өткөн жумада Москвада уюштурулган Бирдиктүү экономикалык аймактын отурумунда кыргыз тарап экспорт кылынуучу товарлар боюнча сунуш киргизген. Экономика министринин орунбасары Данил Ибраев Кыргызстандан Орусияга жашылча-жемиш, эт жана сүт азыктарын сатуу мүмкүнчүлүгү бар экенин “Азаттыкка” билдирди.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев ишти тездетүүнү тиешелүү мекемелерге тапшырган. (SE)

XS
SM
MD
LG