Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Аравандагы “кокон гилас” окуясын Аскер прокуратурасы текшерип жатат


Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев аравандык багбан Шавкат Байбабаев менен УКМК кызматкерлеринин ортосунда болгон чырдын чоо-жайын териштирүүнү Аскер прокуратурасына тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Шавкат Байбабаев быйыл 8-июнь күнү өздөрүн УКМК өкүлдөрү деп тааныштырган куралчан адамдар келип, анын гилас багын текшерүүгө алганын “Азаттыкка” билдирген. Көп өтпөй окуя жазылган тасма да интернетке тараган. Багбан атайын кызмат өкүлдөрү анын түшүмүнөн “үлүш” талап кылганын белгилеп келет.

Байбабаев “УКМКчылардын” бул жоругун териштирүүнү өтүнүп, премьер - министрге да кайрылуу жолдогон.

Мурдараак окуя боюнча УКМК да текшерүү жүргүзүп, фактылар тастыкталбаганын маалымдаган эле. (SE)

XS
SM
MD
LG