Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

Жапониядагы көчкүдөн отузга жакын адамдын өмүрү кыйылды


Жапониянын түштүк-батышындагы көчкү 30га жакын кишинин өмүрүн кыйды. Дагы 9 адам дайынсыз. Хиросима аймагында эки күн мурда болгон күчтүү жамгырдан кийин жер көчүп, ондогон үйлөрдү жарактан чыгарганын мамлекеттик телеканал билдирди. Мерт кеткендер арасында бир куткаруучу да бар. Ал көчкүнүн экинчи толкуну келген учурда беш адамды куткарып, өзү каза тапкан.

Премьер-министр Синдзо Абэ мамлекетте алдын ала пландалган майрамдык иш-чараларды токтотуп, бардык күчтү куткаруу чараларына жумшоону буйруду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG