Линктер

жекшемби, 19-февраль, 2017 Бишкек убактысы 20:27

ӨКМ «кооптуу жай» картасын кайрадан иштеп чыгат


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык,картада өлкөдөгү кырсык көп катталган аймактар камтылып, анын алдын алуу жолдору көрсөтүлмөкчү. Маселен, Бишкек-Ош унаа жолунун 224-чакырымы кар көчкүдөн кооптуу, Пионер жана Комсомол көлдөрү жаш балдардын сууга түшүүсү үчүн кооптуу, Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусу бороондуу жана сууктан кооптуу деп картага түшүрүп, аны мерчемдүү жерлерге илинет.

Министрлик мындай жол менен көп катталган кырсыктын алдын алууну мерчемдөөдө.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG