Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:33

Барак анклавынын тургундары үчүн үч миллион доллар бөлүндү


Мындай буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда бөлүнгөн каражат барактыктарды көчүрүп келүү каралып жаткан Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылындагы жаңы конушту долбоорлоого жана кайтарымсыз ссудаларды берүүгө жумшалмакчы. Анын өлчөмү 200 миң сом деп аныкталды. Ссуда үч этап менен берилет.

Барак анклавы Кара-Суу районуна карайт. Аталган айыл 5 чакырым ичкери Өзбекстандын аймагында жайгашкан. Анклав тургундары Кыргызстанга келип-кетүү жыл өткөн сайын кыйындап баратканын айтып, кыргыз бийликтеринен көчүрүп кетүүнү суранып келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG