Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

Аксынын айрым айылдарында күйүүчү май жок болууда


Райондун Жаңы-Жол айылына 20 күндөн бери күйүүчү май келбей жатат. Бул тууралуу айыл тургуну Алмазбек Айдаралиев “Азаттыкка” кабарлады.

Айдаралиевдин айтымында, айылдагы жападан жалгыз жеке ишкерге таандык май куюучу бекет 20 күн мурда өз ишин токтоткон. Андан бери аймакка күйүүчү май алынып келе элек. Мындан улам жергиликтүүлөр бензинди башка аймактардан ташып келүүдө.

Ал эми Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев май куюучу бекеттин жабылышы жеке ишкердин эрки экендигин айтып, райондогу андан башка 8 май куюучу бекет үзгүлтүксүз иштеп жатканын билдирди. (RsK)

XS
SM
MD
LG