Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Жаштар олимпиадасында кыргыз дзюдочусу медал алды


Кытайдын Нанкин шаарында өтүп жаткан Жаштар олимпиадасында кыргызстандык дзюдочу Ростислав Дашков күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт агенттигинин бөлүм башчысы Канат Арпачиев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандан 7 спортчу, алты спорттун түрүнөн катышып жатат. Азырынча 3 гана спортчу мелдештерге катышып, бир күмүш байге алды.

Учурда Кытайдын курама командасы алдыңкы орунда келатат. Алар 3 күн ичинде 13 медалга ээ болду. Ал эми Кыргызстан тизмеде 33-орунда турат.

Буга чейин Сингапурда өткөн биринчи Жаштар олимпиадасында Кыргызстан 1 алтын жана 2 коло медалга ээ болгон.(AiB/BkA)

XS
SM
MD
LG