Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Жапаровдун баш коргоо чарасын кароо кийинкиге калды


“Кыргызалтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси кийинки дүйшөмбүдө каралат. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Владислав Лужанский кабарлады. Буга чейин адвокат Жапаровду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирген. Анын жүйөсүндө Жапаровдун гипертониялык оорусу бар экени жана ал камакта жатканда саламаттыгы начарлашы мүмкүн экени айтылган.

Башкы прокуратура Дилгер Жапаровду “Кумтөр Голд компани” ишканасынан өкмөттүн макулдугусуз “Центерра Голд” компаниясына 200 млн. долларды дивиденд катары мыйзамсыз которгон деп айыптап, 29-майда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. (BkA)

XS
SM
MD
LG