Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:33

Көчмөндөр оюнуна 300 ыктыярчы тартылат


9-сентябрда Ысык-Көлдө башталчу Көчмөндөрдүн биринчи дүйнөлүк оюнунан борбордогу алты окуу жайдан 300гө жакын ыктыярчы тартылат. Бул тууралуу оюндарды уюштуруу катчылыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда оюнга даярдыктар жүрүп жатат.

"Көчмөндөр оюну” деп аталган түрк элдеринин улуттук ат оюндары 9-14-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт. Ага 12 мамлекеттен миңге жакын конок келери айтылууда. Мамлекет аталган иш-чараны өткөрүүгө бюджеттен 100 млн. сом бөлгөн. Анын ичинде Чолпон-Атадагы 800 кишилик ат майданды “Көчмөндөр оюнуна” карата 7000 кишилик кылып кеңейтүү каралган.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG