Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

Наваз Шариф парламентте билдирүү жасаган жок


Пакистандын премьер - министри Наваз Шариф бүгүнкүгө белгиленген парламенттеги билдирүүсүн жасаган жок. Себебин өзү да, маалымат кызматы да түшүндүргөн жок.

Бир аз мурда мыйзам чыгаруучулар «нааразылык акциялар аркылуу премьердин отставкасын же парламенттин таркатылышын талап кылуу конституцияга жатпайт” деген резолюцияны бир добуштан кабыл алышты.

Шариф 21-августта өткөн парламенттик жыйынга катышты. Ал арада имарат сыртында миңдеген адамдар антиөкмөттүк нааразылык акциясын улантып жатышты.

Нааразылык жүрүшүн жетектегендердин бири, оппозициялык саясатчы Имран Хан анын өкүлдөрү өкмөт мүчөлөрү менен белгиленген сүйлөшүүнүн экинчи айлампасына катышпастыгын билдирди.

Бир күн мурда армия өкмөт менен оппозиция лидерлерин чыңалып бара жаткан кырдаалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга чакырган.

Нааразылык акциясын өлкөдөгү үчүнчү ири саясий партия – “Техрик - и - Инсаафтын” лидери, мурдагы крикет жылдызы Имран Хан менен эскичил диниятчы Тахир ул-Кадри жетектеп, өкмөт башчы Наваз Шарифти былтыркы жалпы элдик шайлоодо добуштарды бурмалап, өкмөт башына келди деп күнөөлөшүүдө.

XS
SM
MD
LG