Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:46

Гуманитардык кербендин алгачкы машинелери чек арага жетти


Орусиядан Украинага гуманитардык жардам алып бараткан кербендин алгачкы машинелери эки өлкөнүн чек ара бекетине жетти.

"Рейтер" агенттигинин кабарчысы учурда КАМАЗдар Украина менен Орусия ортосундагы нейтралдуу аймакта турганын билдирет.

Украина менен Батыш өлкөлөрүнүн гуманитардык жүк аркылуу орус аскерлеринин Украинанын чыгышына киришине жол ачылат деген чочулоосунан улам автокербен бир нече күндөн бери чек арадан өткөрүлбөй турган.

12-августта Москва облусунан 270 жүк ташуучу машина гуманитардык жардам алып чыккан. Орус бийлиги маалымдагандай, алар Украинага эки миң тоннага жакын азык-түлүк, балдардын азыгын жана медициналык товарларды жеткиришет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG