Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:10

Орусияда мигранттар он күндөн соң сынак тапшырат


Орусия өкмөтү 1-сентябрдан тарта мигранттардан орус тили, тарых жана мыйзам нормалары боюнча сынак алууну баштайт. Мигрантка үч пункт менен 60 суроо сунушталат. Ар бир бөлүмдүн алтыдан суроосуна катасыз жооп берип, жалпысынан 18 упай топтогон адам Орусияда иштегенге уруксат алат. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык миграция кызматы кабарлайт.

Сынактар окуу жайлардын имараттарында жүргүзүлөт. Ага катышуу үчүн мигрант сөзсүз жазма же электрондук түрдө Орусиянын Билим берүү жана илим министрлигине кайрылышы керек. Сынактан өтпөгөндөр өлкөдөн чыгарылат.

Мигранттардан билимин сыноо боюнча мыйзамга президент Владимир Путин апрель айында кол койгон.

Расмий эсепте Орусияда 570 миңге жакын кыргызстандык эмгектенет. Иш жүзүндө алардын саны миллиондон ашуун экенин айтылып келет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG