Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Казакстанда кырсыкка кабылган бийчилер Кыргызстанга кайтууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, коңшу өлкөнүн Маңгыс-Тоо аймагында жол кырсыгына кабылган 18 бийчинин төртөө олуттуу жараат алган. Алар Актаудан Алматыга учак менен, андан бери Бишкекке тез жардам унаасы менен алып келинди, калгандары поезд менен кайтып келе жатат. Кырсыктан жабыркагандарды мекенине жөнөтүүдө бул өлкөдөгү элчилик жана кыргыз диаспорасы биргеликте аракет көрдү.

Бийчилер түшкөн унаа 18-августта кырсыкка учураган. Анда алар түшкөн кичи автобустун айдоочусу уктап кетип, жолдон чыгып кеткен. Унаанын ичинде Кыргызстандын “Дея”, “Арууке” бий топторунун мүчөлөрү болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG