Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Баткенде чек ара көйгөйлөрү талкууланууда


Бүгүн Баткенде чек ара көйгөйлөрүнө арналган жыйын өтүүдө. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү жана чек аралаш аймакта жайгашкан айыл тургундары катышууда. Жыйын жүрүшүндө чек ара чатактарын алдын алуу, аны бекемдөөдөгү бийлик жана жарандар ортосундагы кызматташтык маселелери боюнча сөз жүрүүдө.

Кыргызстанда Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара такталбаганынан улам ар кыл чатактар маал-маалы менен орун алып келет. Айрыкча бул Баткен облусунун аймагында катталууда. Акыркы жолу ушул аптада Кадамжай районунда кыргыз-өзбек чек арасында катталып, бир өзбек жараны каза болуп, эки кыргыз чек арачысы жараат алды.(JsA)

XS
SM
MD
LG