Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:22

Ажылыкка барчуларды Fly Dubai компаниясы ташыйт


Быйылкы ажылык зыяратка барчуларды FlyDubai компаниясы ташымай болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын башчысы, муфтийдин орун басары Замир ажы Ракиев билдирди. Анын айтымында, муфтий Максат ажы Токтомушев баштаган топ Сауд Арабияга барып, зыяратчыларды мурда тандалган Fly Dubai компаниясын ташууга уруксат алды.

Буга чейин зыяратчыларды ташый турган авиакомпанияны тандап алуу үчүн апрель айында ачык сынак өткөн. Ага катышкан алты компаниянын ичинен билет баасын 1 300 доллар деп сунуштаган Fly Dubai жеңип алган. Бирок Сауд Арабия Fly Dubai компаниясына уруксат бербей, өзүнүн Flynas авиакомпаниясын сунуштап чыккан. Сауд Арабия быйыл Кыргызстанга ажылык үчүн 3 685 орун берген. Алар 8-сентябрдан тарта Мекеге сапар алышы керек.(BkA/SA)

XS
SM
MD
LG