Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Хейгел: Ирактагы согушчандар жок кылынышы керек


АКШнын коргоо министри Чак Хейгел “Ислам мамлекети” (ИМ) уюмунун согушчандары Кошмо Штаттардын коопсуздугуна “түздөн түз коркунуч жаратууда” жана “жок кылынышы” керек деди.

Хейгелдин 21-августта Вашингтондо кабарчылар менен кездешүүдө

- "Ислам мамлекети" буга чейин биз көргөн ар кандай топторго караганда жакшы каржыланган, алда канча жакшы куралданган, алар жөн гана террорчу топ эмес, өз идеологиясы бар, аскерий стратегия жана тактикасы да мыкты... Ошон үчүн биз баарына даяр болушубуз керек, - деди.

Хейгел учурда бардык көз караштар каралып жатканын да белгиледи. АКШ Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабынын акими, генерал Мартин Демпси болсо, ИМдин соргушчандары Сирияда таш-талкан кылынса гана, аны биротоло жок кылуу мүмкүн, бирок Америка Сирияга абадан сокку урат деп айта албайм деди.

"Ислам мамлекети" эки күн мурда америкалык журналист Жеймс Фоули эки жыл барымтада кармалган соң башы алынганын көрсөткөн видеотасманы жарыялаган.

XS
SM
MD
LG