Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:27

Орусиянын гумжардамы Украинага өткөрүлгөнү калды


Гумжардам жүктөлгөн орусиялык алгачкы кербен Украинага 22-августта кириши мүмкүн. Орусиячыл жикчилдердин колундагы Луганск жана Донецк облустарынын элине аталган суу, электрогенератор, азык-түлүк, төшөнчү-баштык жана башка заттар жүктөлгөн автомобилдер кечээ украиналык бажычылардын текшерүүсүнөн өткөрүлө баштаган. Украина кербенди Москва өлкөгө аскер киргизүү үчүн пайдаланат деп кооптонгондуктан, 270 автомобилге жүктөлгөн гумжардам бир нече күн чек арада кармалып турду.

Гумжардамды коштоп жүрчү Эл аралык Кызыл Чырым уюму кербен козголгондон мурда өз кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн кепилдик берүүнү талап кылган эле. 21-августта уюмдун жооптуу кызматкери Лорен Корбаздын айтышынча, уруштан жабыр тарткан Луганск жана башка аймактардын эли азык-түлүккө жана дары-дармекке аябай муктаж.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG