Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:07

Орусиялык алгачкы кербен Украинага кирди


"70 машинеге жүктөлгөн гумжардамды орусиячыл жикчилдердин чакан тобу коштоп жүрөт" деп билдирди Рейтер агенттиги.

Жикчилдердин колундагы Луганск жана Донецк облустарынын элине суу, электрогенератор, азык-түлүк, төшөнчү-баштык жана башка заттар жүктөлгөн автоунаалар кечээ украиналык бажычылардын текшерүүсүнөн өткөрүлө баштаган.

Гумжардамды коштоп жүрчү Эл аралык Кызыл Чырым уюму кербен козголгондон мурда өз кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн кепилдик берүүнү талап кылган эле. 21-августта уюмдун жооптуу кызматкери Лорен Корбаздын айтышынча, “уруштан жабыр тарткан Луганск жана башка аймактардын эли азык-түлүккө жана дары-дармекке аябай муктаж”.

Украина кербенди Москва өлкөгө аскер киргизүү үчүн пайдаланат деп кооптонгондуктан, 270 автоунаа гумжардам бир нече күн чек арада кармалып турду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG