Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:38

Алты айда коррупциялык мүнөздөгү 767 кылмыш катталды


Бул тууралуу коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгын талкуулаган өкмөт жыйынында айтылды. Маалыматка ылайык, катталган кылмыштардын көпчүлүгү кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдалануу беренеси боюнча ачылган. Алдын ала эсептөөдө бул иштерден улам мамлекеттик казынага 430 миллион 505 миң сом зыян келген. Күч органдары алардын 49 миллион сомдон ашыгын мамлекетке кайтарды.

Президент Алмазбек Атамбаев бийликке келгендеги эң башкы максаттарынын бири коррупцияга каршы күрөшүү экенин жарыялап, бул маселени эки ирет Коргоо кеңешинин жыйынына алып чыккан. Анда президент өлкөдөгү жемкордукка күрөштө аёо болбой турганын эскерткен болчу. Бирок оппозиция бийликтин бул күрөшүн тандалма жол менен жүрүүдө деп сыпаттап, өлкө башчы өз айланасындагылардын былыктарына көз жуумп жатат деп сындап келишет.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG