Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева өкмөт жыйынында билдирди. Анын айтымында, бюджеттеги бул тармакка аз каражат каралгандыктан 40тан ашык маданият мекемеси авариялык абалда турат. Алардын бири Бишкектеги Улуттук китепкананын имараты тезинен оңдоого муктаж. Мындан улам министр өкмөттү бул тармакка кошумча каражат бөлүүнү суранды.
Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бюджеттен тиешелүү каражатты карап көрүү убадасын берди.(BkA/TSh)